Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөө 20-июндан 25-июнга чейин өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, тест санитардык талаптарды кармануу менен бирок кадимки режимде өтөт.
Белгилеп кетсем, быйыл ордо калаада 11-классты 6,5 миң окуучу аяктап жатса, 13 миңден ашыгы 9-классты бүтүрүүдө.