Эл аралык Валюта Фонду бөлгөн акча бюджеттин чыгашасына жумшалды

Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) 120,85 млн. доллар 31-мартта Борбордук казыналыктын эсебине келип түшкөн. Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сомго айландырганда 10,256 млрд. сомду түзгөн.

 

Мунун ичинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8,896 млрд. сом жумшалды. Андан:

— Айлык акыга 3, 994 млрд. сом;

— Социалдык керектөө үчүн 468,7 млн. сом;

— Социалдык фондго чегерүүлөр үчүн 1,834 млрд. сом;

— Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөргө 1,210 млрд. сом;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысына 160,8 млн. сом;

— Калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар 869,2 млн. сом;

— Медицина товарларын жана кызмат көрсөтүү үчүн 106,3 млн. сом;

— Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна эгин сатып алууга 153,0 млн. сом;

— Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк алууга 100,4 млн. сом сарпталган.

 

Учурда ЭВФтен алынган акчадан 1,359 млрд. сом калды. Бул каражат май айында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстан ЭВФ, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү, Европа өнүктүрүү банктары жана башка бир катар эл аралык каржы уюмдары менен 456 млн. доллар карыз алууну сүйлөшкөн.