Кубатбек Боронов айылдар ортосундагы карантиндик постторду ирээтке келтирүүнү талап кылды

Кубатбек Боронов айылдар ортосундагы карантиндик постторду ирээтке келтирүүнү талап кылды. Чиновник жергиликтүү бийликтин өз билемдиги менен коюлган постторун катуу сынга алды.

Ал белгилегендей, айылдар, шаарлар жана райондор ортосундагы посттор айдоочуларга көптөгөн маселелерди жаратып жатат, айрымдарында өтүү үчүн акча талап кылгандар дагы бар. Жарандардан эч кандай маалымкат дагы талап кылынбайт.

 

Чечимдер республикалык штабдын аракеттерине каршы келбеши керек, — деди Боронов.