Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 6 адамдан аныкталды

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 6 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет.

Жаңы катталгандар, Бишкекте үчөө, Ошто экөө, Баткен облусунда бирөө.

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 1 миң 117 адам коронавируска кабылды.