Республикада акыркы суткада 38 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ушуну менен бардык сакайгандардын саны 783тү түздү. Белгилеп кетсек,
өлкөдө 1 миң 117 адам илдетке кабылды, анын 14ү каза тапты.