Ак-Өргө конушунда жаңы амбулатордук бейтапкана салынып бүттү

Ак-Өргө конушунда жаңы амбулатордук бейтапкана салынып бүттү.

Мэриянын маалыматына караганда, фельдшердик жайда биринчи

медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт. Анда жалпысынан

6 үй-бүлөлүк дарыгер жана 9 медайым иштейт. Курулушка 7 миллион сом жумшалды.

Каражатты чет элдик уюм бөлдү. Медициналык жаңы мекемеге жарым гектар аянт

бөлүнүп берилген. Бир кабаттуу имарат эки корпустан жана бириктирилген галереядан турат.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен  кененирээк новости.кг сайтынан тааныша аласыздар. Эми аба-ырайы тууралуу маалымат

 

 

Кундуз Асанова.