Алай районунун Гүлчө айылында эс алуу аймагы пайда болду

Алай районунун Гүлчө айылында эс алуу аймагы пайда болду. Ал Курманжан Датка көчөсүнөн Бөкөнбаев, Алымбек Датка жана Нарматов көчөлөрүнө карай созулат. Аны бойлой тарыхый музей, Маданият үйү, мектеп, борбордук китепкана жайгашкан. Гүлбактын узундугу 300 метрди түзөт.

 

Аны курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.