Римде көчөгө медициналык беткаптарды жана колкаптарды таштагандарга айып киргизилди

Римде көчөгө медициналык беткаптарды жана колкаптарды таштагандарга айып киргизилди. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, айыптын суммасы 25 евродон башталып, 500гө чейин жетет.

 

Римде медициналык калдыктарды атайын контейнерге гана салуу эрежеси бар болгонуна карабай, карантин башталгандан бери көчөдө аталган таштандылар арбын болуп жатат.