Парламент президенттин «ун мыйзамына» каршы пикирин колдоду

Жогорку Кеңеш 27-майдагы жалпы жыйынында Кыргызстанга буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоорун президенттин каршы пикиринен кийин кайра четке какты. «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке карата президенттин каршы пикирин экономика министринин орун басары Бекболот Алиев окуп берди.

 

«2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде импорттолгон данды жана унду жеткирүүнү кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу жеңилдиктер каралган болчу. Бирок Казакстан Республикасы Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясына кайрылган жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан жогорудагы жеңилдиктер тоскоолдук деп табылган. Буга байланыштуу бул жеңилдиктер жокко чыгарылган. Аталган мыйзам боюнча күтүлгөн пайдага карабастан жогорудагы мыйзамдын күчүнө кириши ЕАЭБ алкагында буга чейин жокко чыгарылган тоскоолдукту биз тараптан кайталап киргизүү болуп саналат. Ошондой эле тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн».

 

Парламент буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзамды 15-апрелде карап дароо үч окууда кабыл алган. Документтин автору, депутат Экмат Байбакпаев мыйзам ата мекендик дан өндүрүүчүлөрдү колдоп, ун аткезчилигин токтото турганын айткан.

Мыйзамдын маалыматтык негиздемесинде 2017-2019-жылдары буудайды импорттоо 80% азайып, Кыргызстанда ун өндүрүү 70% кемигени, ошол эле мезгилде өлкөгө эсеби алынбай, салык төлөнбөй келип жаткан ун көбөйүп жатканы жазылган.

Кыргызстанда 2015-жылы октябрь айында да буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгы алынып, бирок 2017-жылы кайра кошумча нарк салыгы киргизилген.