Кара-Суу шаарында алгачкы ирет таза суу системасы тартыла баштады

Кара-Суу шаарында алгачкы ирет таза суу системасы тартыла баштады. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, эми аймакта жалпысынан 20,5 чакырымга созулган таза суу түтүгү пайда болот. Учурда 7 чакырымда иштер аткарылды. Мындан тышкары канализация куруу да каралган. Долбоордун жалпы суммасы 5 миллион 300 миң еврону түзөт. Каражат Европа… Кененирээк…

Нарындагы памирлик кыргыздар Алай районуна көчүрүлөт

Нарындагы памир кыргыздары Алай районуна көчүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет. Анын айтымында, этникалык кыргыздар үчүн Алай районунда 7 үй салынат. Курулушка 10 миллион сом бөлүндү. Планда 15 турак жай куруу бар, — деди Жылкыбаев. Кошумчаласак, памирлик кыргыздардын өлкө жарандыгын алуу… Кененирээк…

Түштүк Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык мекенге кайтып келди

Түштүк Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Жарандар бүгүн Сеул – Бишкек — Сеул каттамы боюнча учуп келишти. Алардын бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Жыл башынан бери дыйкандарга 2 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 2 миллиард 400 миллион сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирет. Анын айтымында, ишкерлер «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 5 миңден ашык насыя алышты. Аталган долбоор 2013-жылдан бери иштеп жатат. Ушул убакка чейин 90… Кененирээк…

Кыргызстанда 5-июндан тартып бала бакчалардын иштөөсүнө уруксаат берилет

Кыргызстанда 5-июндан тартып бала бакчалардын иштөөсүнө уруксаат берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелери мэрия жана тиешелүү органдар тарабынан комиссия түзүлүп текшерет. Андан кийин гана аларды ачууга уруксат берилет. Балдардын саламаттыгын сактоо максатында бардык аракеттер көрүлөт, —… Кененирээк…

Оштогу төрөт үйүндөгүлөр башка обсервацияга которулду

Ош шаардык төрөт үйүндөгү обсервацияга алынгандар толук шарты бар клиникаларга которулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров маалымдады. Маалыматка ылайык, алардын баары 28-май күнү кечке жуук которулду. 28-майда Оштогу шаардык төрөт үйүндөгү 34 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен бешөө жаңы туулган ымыркай,… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, “Тазалыктын” кызматкерлери Лущихин көчөсүндө соода павильонун, Пушкин көчөсүндө темир тосмону алышты.   Алар тиешелүү документтери жок эле орнотулганы аныкталды. Бул жаатта иштер дагы улантылат.

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат

Ош облусунун Алай районунда жаңы бала бакчалар курулат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, аймакта карантинге байланыштуу көптөгөн объектилердин курулушу убактылуу токтотулган.   Учурда алар кайра акырындык менен жанданууда. Күтүлгөндөй, Алайда 4 бала бакча ушул сентябрда бөбөктөрдү кабыл… Кененирээк…

Бишкекте коомдук тартипти бузган 8 айдоочунун унаалары айып токтотмого жеткирилди

Бишкекте коомдук тартипти бузган 8 айдоочунун унаалары айып токтотмого жеткирилди. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, ордо калаада жарандар унааларына түз түтүн чыгаруучу системаны көп орнотушууда.   Андан чыккан катуу үчүн шаар тургундарын тынчсыздандырып, коомдук тартип бузулууда. Кайгуул милиция рейд жүргүзүп, 8 унааны аныкташты. Транспорт айып токтотмого… Кененирээк…

Дания чектөөлөр киргизилгенден кийин айрылып калган түгөйлөр үчүн чек арасын ачты

Дания чектөөлөр киргизилгенден кийин айрылып калган түгөйлөр үчүн чек арасын ачты. Бирок мамиленин олуттуулугун далилдөө керек болот.   Алсак, сүйүшкөндөр бирге түшкөн сүрөттөрүн, жазышкандарын көрсөтүп, бири биринин аты-жөнүн, жашаган жерин так айтып бериши керек.   Чек ара 6 айдан ашык сүйлөшкөн түгөйлөргө гана ачылат.