Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, “Тазалыктын” кызматкерлери Лущихин көчөсүндө соода павильонун, Пушкин көчөсүндө темир тосмону алышты.

 

Алар тиешелүү документтери жок эле орнотулганы аныкталды. Бул жаатта иштер дагы улантылат.