Жалал-Абадда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду
Жалал-Абадда катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, турак-жайлардын чатыры Базар-Коргон районунун Кеңеш, Жараке, Ноокен районунун Шайдан, Чаткалдын Терек-Сай айылдарында жабыркады. Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын суу каптап, кум-шагылга толуп калды. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп чыгымдарды эсептеп жатат.