Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынмайын, жергиликтүү кеңешке шайлоолор белгиленбейт

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынмайын, жергиликтүү кеңешке шайлоолор белгиленбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдон билдиришти.

 

Алгач өлкөдөгү абал боюнча чечимди эпидемиологдор жана республикалык штаб чыгарат. Болжол менен, жергиликтүү кеңешке шайлоолорду августта, парламенттик шайлоолорго чейин өткөрүү пландалууда.

 

Үгүт жүргүзүү иштери токтотулган жеринен улантылат, — дешти БШКдан. Эске салсак, Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок шаарларында жана 25 айылдык кеңеште шайлоолор 12-апрелде өтмөк.