Дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн базары убактылуу жабылды.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.
“Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу
проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик
субъекттер убактылуу жабылды.