Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди

Соңку кырдаалга байланыштуу Жалал-Абад шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилди: Кафе, ресторандар, коомдук тамактануучу жайларга 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилет; Чайканалар ачык асман алдында иштөөгө тийиш; Тойканаларда той-аш,… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 1-июлда саат 20:42де күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Алай районунун Нура жана Эркечтам айылдарында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Казакстандын өкмөтү кайрадан күчөтүлгөн карантин киргизүү ниетинде.

Казакстандын өкмөтү кайрадан күчөтүлгөн карантин киргизүү ниетинде. «Өкмөт 5-июлдан тартып 14 күнгө (балким узартылат) карантин жарыялоо тууралуу планын сунуштады. Эртең жыйындан кийин саламаттык сактоо министри түшүндүрмө берет” деп президент “Твиттерге” жазып, карантин узартылышы ыктымалдыгын да белгиледи. Эки күн мурда өкмөт мүчөлөрү менен видеожыйын учурунда Токаев… Кененирээк…

Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматтан кетти

Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматтан кетти. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Акимчиликтен билдиришкендей, Ситниковдун кзматтан бошотулушу ден соолугуна байланыштуу.  

Талас облусунун Бакай-Ата районунда балбал таш табылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунда балбал таш табылды. Бул тууралуу “Манас Ордо” комплексинен билдиришти. Маалыматка караганда, Көк-Жар аймагынан айдоо иштери менен алектенген дыйкан өзүнө тиешелүү жерден тарыхый материалды тапкан. Баалуу мурас “Манас” музейинде ачык асман алдындагы таш эстеликтер аянтына катар орнотулду. Муну менен балбал таштардын саны… Кененирээк…

Улуттук банк акыркы 3 айдан бери алгачкы ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк акыркы 3 айдан бери алгачкы ирет интервенция өткөрдү. Каржы мекемеси жалпысынан 10,4 миллион доллар сатты. Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери тогузунчу ирет валюттук рынокко чыкты. Ага өлкөнүн эл аралык резервинен жалпысынан 220,8 миллион доллар сарпталды. Эске салсак, Улуттук банк доллардын баасын… Кененирээк…

Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет. Тиешелүү тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Анын айтымында, учурда ордо калаада дарыгерлердин басымдуу бөлүгү вируска чалдыкты. Мындан улам алардын орду бош калууда. Эми аймактардагы медицина кызматкерлери Бишкектеги кесиптештерине жардам берүү үчүн келишет. Боронов эскерткендей, дарыгерлерге июнь айына берилүүчү кошумча төлөмдөр… Кененирээк…

Каракол шаарында 2,5 миллион сомдук футбол аянтчасы ачылды

Каракол шаарында 2,5 миллион сомдук футбол аянтчасы ачылды. Каражат калаа бюджетинен бөлүндү. Буга чейин аймакта заманбап футбол талаасы болгон эмес. Учурда анын айланасында көрктөндүрүү иштери уланууда. Белгилеп кетсек, спорттук талаанын ачылышы Каракол шаарынын 151 жылдыгына карата уюштурулду.

“Келечек” конушуна бала бакча куруу боюнча кайрадан тендер жарыяланды

“Келечек” конушуна бала бакча куруу боюнча кайрадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда, пландалган сумма 44 миллион сомду түзөт. Арыздарды кабыл алуу 20-июлда токтотулат. Эске салсак, буга чейин “Келечек” конушуна бакча салууга 66 миллион сомго тендер жарыяланган. Бирок бюджеттин жетишсиздигинен… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн 9дан кечки 7ге чейин Карадарыя, Киев, Москва, Ибраимов Токтогул көчөлөрүн бир бөлүгүндө, Чыгыш 5 кичирайонунда, Рухий-Мурас, Көлмө, Арча-Бешик, Мурас-Ордо жана Ала-Тоо конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.