Улуттук банк акыркы 3 айдан бери алгачкы ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк акыркы 3 айдан бери алгачкы ирет интервенция өткөрдү.

Каржы мекемеси жалпысынан 10,4 миллион доллар сатты. Муну менен

Улуттук банк жыл башынан бери тогузунчу ирет валюттук рынокко чыкты.

Ага өлкөнүн эл аралык резервинен жалпысынан 220,8 миллион доллар сарпталды.

Эске салсак, Улуттук банк доллардын баасын көзөмөлгө алуу максатында интервенция өткөрүп турат.

Акыркы сатууларга америкалык валютанын куну 78 сомго жеткени түрткү болду.