Кыргызстан эл аралык донорлордон 321 миллион доллар алды

Кыргызстан эл аралык донорлордон 321 миллион доллар алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.   Анын айтымында, 7 каржы институту анын ичинде Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Евробирикме өлкөгө жалпысынан 627 миллион доллар бөлүп берүү ниетин билдирди. Бул сумманын дээрлик… Кененирээк…

Индияда бриллиант таштар чегерилген беткаптар сатыкка чыгарылды

Индияда бриллиант таштар чегерилген беткаптар сатыкка чыгарылды. Өзгөчө  беткап сатуу идеясы үйлөнчү адамдын буюртмасынан кийин пайда болгон. Алтындан куюлуп, америкалык бриллианттар менен кооздолгон коргоочу каражаттын баасы 1 миң 990 долларды түздү.   Ошондой эле 5 миң 300 долларлык беткаптар дагы бар. Беткаптын материалы коргоочу каражаттардын… Кененирээк…

АКШ президенти Дональд Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу беткап кийип чыкты

АКШ президенти Дональд Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу беткап кийип чыкты. Ал кечээ, Вашингтондун ооруканаларынын бирине согуштук аракеттер жүргөн аймактарда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалын көрүүгө барган.   Трамп четинде президенттин мөөрү түшүрүлгөн көк түстүү бет кап кийген.

Сүйүнчү! Россияда коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү

Сүйүнчү! Россияда коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу ушул  шаршембиде, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.   Сеченов университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады, — дешет окумуштуулар.

Россиядан 426 кыргызстандык кайтып келди

Россиядан 426 кыргызстандык кайтып келди. Москва-Бишкек чартердик каттамы менен студенттер, кош бойлуу, балалуу аялдар жана оор абалдагы бейтаптар келди.   Ошондой эле өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн келген 45 медициналык кызматкер да бар. Март айынан бери учак жана унаа менен 40тай өлкөдөн 20 миңден… Кененирээк…

Кыргызстандагы медицина мекемелерине өкмөттүн кураторлору бекитилди

Кыргызстандагы медицина мекемелерине өкмөттүн кураторлору бекитилди. Ар бир оорукана, медициналык борбор жана госпиталга бирден вице-премьер-министрлер жана ведомство жетекчилери жооптуу болот.   Бул башкы дарыгерлер тарабынан тааныш-билиштерине орундарды алып коюу аракеттерин жоюу максатында кабыл алынган чара.

Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түдүкэлектрдин” маалыматына ылайык, Бирлик, Лесхоз, Гроздь, Беш-Күнгөй, Маевка, Көк-Жар, Лебединовка, Манас, Сокулук, Шалта айылдарында жана Шопоков шаарчасында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Баткенде сел жүрдү

Баткенде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам, Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суу 3 турак-жайды каптады.   Жеринде куткаруучулар иштеп тазалоо иштерин аткарды. Андан тышкары, Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыянды эсептеп жатат.

Бишкекте дарыларды алып, кайра кымбат саткандар кармалды

Бишкекте дарыларды алып, кайра кымбат саткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. Ведомство ордо калаада рейд жүргүзүүдө.   Учурдан пайдаланып, мындай аракеттерге баргандарды аныктоо боюнча атайын операция өтүп, Клексан дарысынын баасы 8 миңден 14 миң сомго чейин чыккандыгы аныкталды.  … Кененирээк…