Баткенде сел жүрдү

Баткенде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам, Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суу 3 турак-жайды каптады.

 

Жеринде куткаруучулар иштеп тазалоо иштерин аткарды. Андан тышкары, Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыянды эсептеп жатат.