АКШ президенти Дональд Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу беткап кийип чыкты

АКШ президенти Дональд Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу беткап кийип чыкты. Ал кечээ, Вашингтондун ооруканаларынын бирине согуштук аракеттер жүргөн аймактарда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалын көрүүгө барган.

 

Трамп четинде президенттин мөөрү түшүрүлгөн көк түстүү бет кап кийген.