Индияда бриллиант таштар чегерилген беткаптар сатыкка чыгарылды. Өзгөчө беткап сатуу идеясы үйлөнчү адамдын буюртмасынан кийин пайда болгон. Алтындан куюлуп, америкалык бриллианттар менен кооздолгон коргоочу каражаттын баасы 1 миң 990 долларды түздү.
Ошондой эле 5 миң 300 долларлык беткаптар дагы бар. Беткаптын материалы коргоочу каражаттардын нормасына төп келет, ал эми таштарынан каалаган учурда башка жасалгаларды жасап алууга болот.