Кыргызстандын бардык ооруканалары 6 айга жете турган дары-дармектин запасын даярдап коюшу керек

Кыргызстандын бардык ооруканалары 6 айга жете турган дары-дармектин запасын даярдап коюшу керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.   Анын айтымында, медицина жайларына өз бюджетине препараттарды камдап алуу тапшырмасы берилди. Андан тышкары, аймактарда бейтаптар үчүн кошумча орундар түзүлүшү зарыл.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда 73 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 73 адам коронавирустан айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, Бишкекте 55, Ошто 5, Баткенде 4, Нарында 9 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Жалпысынан, өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 3 миң 460ты түздү.

Колумбияда кино сүйүүчүлөргө өзгөчө сунуш киргизилди

Колумбияда кино сүйүүчүлөргө өзгөчө сунуш киргизилди. Пандемияга байланыштуу, бардык кинотеатрлар жабылган. Бирок жергилик0түү тургундар үчүн унаадан чыкпай туруп тасма көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.   Соода борболорунун бири короосуна 100дөй унаага эсептелген автокинотеатр ачты. Каалоочулар тамак, суусундук буйрутма кылып, каалаган тасмасын көрүп отура берет.

Кыргызстанда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде эки облуста жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.   Жердин титиреши Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында үч балл,… Кененирээк…

Казакстан коронавирустан каза болгондорду эскерип аза күтүүдө

Казакстандын эли бүгүн коронавирустан каза болгондорду эскерип, Улуттук аза күтүү күнүн өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.   Казакстандын шаарларында мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Каза болгондорго багышталып бардык мечиттерде куран окутулат. Саат 12:00дө өлкө боюнча аза мүнөтү өтөт.     Казакстанда коронавирустан биринчи болуп 26-мартта… Кененирээк…

Кыргызстанга Минск шаарынан дагы 164 жаран жеткирилди

Кыргызстанга Минск шаарынан дагы 164 жаран жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекенине кайтуу үчүн Беларусияда Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Италия, Литва, Франция жана башка мамлекеттерден кыргызстандыктар чогулган.   Алар үчүн Минск-Бишкек чартердик каттамы уюштурулган. Чет мамлекеттерде калып калган мекендештерди жеткирүү уланууда.

Бишкекте дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө

Бишкекте дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, мэрия менен биргеликте санитардык тазалоого тийиш тилкелер аныкталып жатат.   Эл көп чогулган жерлерге өзгөчө басым жасалууда. Аларга базарлар, банктар, аптекалар, дүкөндөр кирет.   Дезинфекция иштери эки ыкма менен жасалат… Кененирээк…

Кыргызстандан чет өлкөгө дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар сатылып жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт

Кыргызстандан чет өлкөгө дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар сатылып жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, аткаруу органы үстүбүздөгү жылдын башында эле өлкө аймагынан чет мамлекеттерге медициналык каражаттарды чыгарууга тыюу салган. Өкмөттүн токтому дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын сыртка чыгып кетишине… Кененирээк…

Такси кызматтары облустарга каттай берет

Такси кызматтары облустарга каттай берет. Алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган эмес, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен. Эске салсак, 9-июлдан тарта Кыргызстанда аймак аралык коомдук транспорт токтотулду.   Бул чечим эпидемиологиялык абал курчуп кеткендиктен кабыл алынды. Автобус жана маршруттук таксилер качан жүрө баштайт, белгиисз.

Бишкекке дарылардын жаңы партиясы ушул жумада жеткирилет

Бишкекке дарылардын жаңы партиясы ушул жумада жеткирилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Өкмөт башчы тиешелүү органдарга зарыл болгон препараттардын толук тизмесин түзүп, жакынкы айларга жете турган резерв толуктап коюуну тапшырды.   Дарылар менен ошондой эле аймактар дагы камсыздалышы керек.   Белгилеп кетсек, Бишкектин дарыканаларында… Кененирээк…