Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 миллион доллар бөлүп берет. Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, каражат Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү долбоору боюнча келет. Анын алкаганда, аймакта жумуш орундары түзүлүп, айыл-чарба жана туризм тармагына колдоо көрсөтүлөт. Акчанын 30 миллион доллары грант түрүндө берилсе, калганы насыя катарында… Кененирээк…

Ташкентте коронавирустан үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарга дары-дармек акысыз таратылууда

Ташкентте коронавирустан үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарга дары-дармек акысыз таратылууда. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин  маалыматында, бейтаптар үчүн медикаменттердин 5 миң кутусу даярдалды. Буга чейин Өзбекстан өкмөтү коронавируска кабылган бейтаптарга дары-дармектерди бекер таратуу боюнча убада берген.

Ат-Башы районунда такси кызматкерлери дээрлик 4 чакырым жолду оңдошту

Ат-Башы районунда такси кызматкерлери дээрлик 4 чакырым жолду оңдошту. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган трасса Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарын бириктирет. Курулуш иштерине 170 миң сом сарпталды. Аталаган аймакта 80 такси кызматкери бар. Алар шагыл сатып алып, жолду тегиздешти. Айыл өкмөт техника жагынан камсыз кылды.

Айрым жарандарга респиратордук вируска каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт

Күзүндө курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Анда айрым жарандардын эмдөөсүн мамлекет өз мойнуна алат. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, тизмеге калктын аярлуу катмары, ооруга тез кабыла тургандардын тобу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кирет. Учурда чет мамлекеттерден вакцинаны алууга… Кененирээк…

Милиция кызматкерлери Пакистан жарандарынын сабалышына шектүүлөрдү кармады

Милиция кызматкерлери Пакистан жарандарынын сабалышына шектүүлөрдү кармады. Алардын арасында, медицина кызматкери-волонтер Аббас Али Шах бар. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, кармалгандар Ысык-Ата районунун жана Бишкектин тургундары. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Эске салсак, 19-июлда Кой-Таш айылында жаңжал чыккан. Белгисиз жарандар айылга… Кененирээк…

Токио-2021 Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдештердин өзгөртүлгөн программасын жарыялады

Токио-2021 Олимпиадасынын уюштуруу комитети мелдештердин өзгөртүлгөн программасын жарыялады. Дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта килемге чыгат. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков да ошол күнү күрөшөт. Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 1-августтан 7сине чейин созулат. Ар бир салмакта 16 катышуучу бар. Эске салсак, эки спортчу былтыр… Кененирээк…

Түркиядагы кыргызстандыктарга дагы бир ирет чартердик каттам уюштурулат

Түркиядагы кыргызстандыктарга дагы бир ирет чартердик каттам уюштурулат. Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 22-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча мекендештерди кайтарат. Тизмеге кирген жарандарга атайын резервация коду берилип, жүргүнчүлөргө билет сатылат. Каттам 29-июлда аткарылат. Кошумчаласак, Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Алар ири шаарларда жашап, иштешет.

Өлкөгө Индиядан 8 тонна медициналык каражаттар келет

Өлкөгө Индиядан 8 тонна медициналык каражаттар келет. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, ага 56 препараттын жана 59 медициналык буюмдар кирет. Бул Кыргызстан дарыканаларында дары-дармектердин жетишсиздигин жоюу максатында. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда кычкылтек концентратору жана жасалма дем алдыпруучу аппараттар жетиштүү деңгээлде.