Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 миллион доллар бөлүп берет.
Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей,
каражат Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү долбоору боюнча келет.
Анын алкаганда, аймакта жумуш орундары түзүлүп, айыл-чарба жана
туризм тармагына колдоо көрсөтүлөт. Акчанын 30 миллион доллары
грант түрүндө берилсе, калганы насыя катарында ыйгарылат.
Карыз 2057-жылы аяктайт.