Ошто жаңы оорукана пайда болот

Ошто жаңы оорукана пайда болот. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов билдиргенин “Турмуш” басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, медицина мекемеси 100 орунга ылайык салынат. Курулуш иштери 1,5 айдын аралыгында бүтүшү күтүлүүдө. Долбоорго 18 миллион сом сарпталат. Мындан тышкары, калаадагы инфекциялык ооруканада ремонттук иштер аткарылды. Ага 13 миллион… Кененирээк…

Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 жаран кайтарылды

Бишкекке Санкт-Петербургдан 165 жаран кайтарылды. Бул учак менен Россиядагы студенттер, боюнда бар аялдар жана саламаттыгы начар жарандар жеткирилди. Ошондой эле каттам аркылуу коронавирус менен күрөшүүгө кесиптештерине жардам берүүгө үч кыргызстандык дарыгер келди. Андан тышкары Ленинградда жана Санкт-Петербургда жашаган мекендештер аймактарга жардам катары дары-дармектерди жөнөтүштү.

Кыргызстанда дагы 984 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты

Жакшы жаңылык. Кыргызстанда дагы 984 адам коронавирус жана пневмониядан айыгып чыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын көбү Бишкекке жана Жалал – Абад облусуна туура келет. Ушуну менен айыккандардын жалпы саны 15 миң 851ге жетти.

АКШда планетадагы эң ылдам жүрүүчү унаа сатылууда

АКШда планетадагы эң ылдам жүрүүчү унаа сатылууда. Бир орундуу стримлайнердин баштапкы баасы 19 миң долларды түзөт. Техниканын кузову алюминийден жасалган. Унаа өзүнө карбондук токтотмо дисктерди жана атайы парашютту камтыйт. Күйүүчү май катары бензинден тышкары башка дизелдик отундарды пайдаланса болот. Стримлайнер биринчи рекордун 2004-жылы жараткан. Айдоочу… Кененирээк…

Кыргызстанга Россиядан коронвирустук инфекция менен күрөшүүгө дарыгерлер тобу келди

Кыргызстанга Россиядан коронвирустук инфекция менен күрөшүүгө дарыгерлер тобу келди. 20 медицина кызматкеринен турган алты бригада Кыргызстандын аскерий дарыгерлери менен биргеликте аскер кызматкерлерин, алардын үй-бүлөсүн жана ардагерлерди дарылап, кеңеш берет. Россиялык адистердин төрт бригадасы Бишкекте иштесе, экөө Ош шаарына жөнөтүлөт. Медициналык жардам акысыз берилди.

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен тоодон ылдый суу ташкындады. Жыйынтыгында Бостон, Жоогесек жана Орозбеков айылдарын бириктирген көпүрө жарактан чыкты. Курулуштун 200 метрине кум шагыл толуп калды. Тазалоо иштерине кызматкерлер тартылды. Иштер бүгүн да… Кененирээк…

«Семетей» обсервациясында бейтаптарды кабыл алууга 400дөн ашык орун бош

«Семетей» обсервациясында бейтаптарды кабыл алууга 400дөн ашык орун бош. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач 600 орун даярдалган, учурда анын 138инде бейтаптар дарыланып жатат. Анда бардык шарттар каралган. Жандандыруу бөлүмү 50 орунга ылайык. Анын 31инде бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Убактылуу медициналык жайды материалдык-техникалык… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн 3 миллиард 300 миллион сом жумшалды

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн 3 миллиард 300 миллион сом жумшалды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумма республикалык бюджеттен бөлүндү. Каражат тиешелүү министрлик, фонд жана аймактардагы өкүлчүлүктөргө бөлүштүрүлдү. Аталган акчага гуманитардык жардамдар кирбейт. Анын ичинде чет өлкөлөрдөн жана демөөрчүлөр тарабынан келген препараттар, коргонуу каражаттары, ПЦР-тесттер жана… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдорду калыбына келтирүүгө чет элдик донорлор каражат бөлүп берет

. Унаа жолдор министрлигинен билдиришкендей, Корумдудан Балбай Баатыр айылына чейинки 104-184-чакырым аралыгындагы трассаны калыбына келтирүүгө 128 миллион доллар керектелет. Чет элдик донорлор тарабынан каражат бөлүү маселесин чечүү аягына чыгып калды. Учурда Ислам өнүктүрүү банкы ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Планга ылайык, иштер кийинки жылы башталып 2025-жылы… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Жибек жолу, Ибраимов, Күреңкеев, Менделеев, Огонбаев, Чүй, Байтик Баатыр, Кулатов, Фучик, Коммунаров көчөлөрүндө, чыгыш 5 жана 8-кичирайондордо, Ак-Ордо, Акча-Бешик жана Көлмө конуштарында электр энергиясы болбойт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.