Айрым жарандарга респиратордук вируска каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт

Күзүндө курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Анда айрым жарандардын эмдөөсүн мамлекет өз мойнуна алат. Буга премьер-министр

Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, тизмеге калктын аярлуу катмары,

ооруга тез кабыла тургандардын тобу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кирет.

Учурда чет мамлекеттерден вакцинаны алууга буюртма берилди. Белгилеп кетсек, буга чейин

респиратордук вируска каршы вакцинанын баасы 600 сомдун тегерегинде болуп келген.