Майк Тайсон жана Рой Жонс кенжесинин беттеши күздө өтөт
Бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон жана Рой Жонс кенжесинин беттеши күздө өтөт. TMZ басылмасы билдиргендей, мушкерлер 12-сентябрда Калифорнияда рингге чыгышат. Алдын ала маалымат боюнча, беттеш 8 раунддан турат. Эске салсак, Тайсон акыркы ирет рингге 2005-жылы чыкса, Жонс соңку беттешин 2018-жылы өткөргөн.