Россия аба каттамдарын жакынкы аралыкта ачуу ниетинде

Россия аба каттамдарын жакынкы аралыкта ачуу ниетинде. Бул тууралуу Россиянын Унаа министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, эл аралык каттамдарды ишке ашыруудан мурда, аба жолдору КМШ өлкөлөрүнө ачылат. Бирок анын так мөөнөтү айтылган жок. Бул эпидемиологиялык абалдан да көз каранды болот. Эске салсак, Россия буга чейин эл… Кененирээк…

Кочкор-Ата шаарындагы бала бакчанын курулуш иштери 90 пайызга аяктады

Кочкор-Ата шаарындагы бала бакчанын курулуш иштери 90 пайызга аяктады. Ал күздө пайдаланууга берилип калат, — дешти муниципалитеттен. Маалыматка ылайык, жалпы чыгашасы 29 миллион сомду түзгөн мектепке чейинки даярдоо мекемесин куруу иштери былтыр башталган. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Кошумчаласак, Кочкор-Ата шаарында муниципалдык 3 бала бакча бар.… Кененирээк…

Кыргызстандагы абактарда жаңы эрежелер киргизилди

Кыргызстандагы абактарда жаңы эрежелер киргизилди. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, камактагылар менен жолугушууга келген жаран ПЦР-анализдин таза экендигин көрсөтүшү керек. Бирок мүмкүн болушунча азырынча мекемелерге келбей туруу сунушталат. Бул үчүн соттолгондор менен жакындары ортосунда видео байланыш уюштурулду. Аларга тамак-аш жеткирүү мурдагыдай эле кабыл алынып жатат.… Кененирээк…

Өзбекстанда алгачкы ирет сиам эгиздери жарыкка келди

Самаркандда 27-июнда төрөлгөн сиам эгиздеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Эки баштуу бала Самарканд облусунун перинаталдык борборунда кесерева жолу менен төрөлгөн. Ымыркайдын эки колу, эки буту, бир жүрөгү, төрт бөйрөгү бар. Анын салмагы — 4,6 килограмм, бою — 48 сантиметр. 29-июнда сиам эгиздеринин… Кененирээк…

“118” түз байланыш номеринин башкы кеңсеси дезинфекциялоо иштерине жабылды

“118” түз байланыш номеринин башкы кеңсеси дезинфекциялоо иштерине жабылды. Бул тууралуу “118” түз байланыш номеринин консультанты Эльден Калчакеев өзүнүн социалдык баракчасына жазган. “Чалуу кыйын болчу. Эми андан да кыйын болот. Мурункудай эле 12 линия иштейт. Жашаган жериңиздер боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууну өтүнөм. Түшүнүү менен… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирет. Бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Үсөнбаев, Линейная, Бөкөнбаев, Байтик Баатыр, Ибраимов, Пушкин, Исанов, Тоголок Молдо жана Профессор Зима көчөлөрүндө, Чыгыш-5 кичирайонунда, Көк-Жар, Рухий-Мурас, Арча-Бешик жана Көлмө конуштарынын бир бөлүгүндө электр энергиясы… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоо босогосу 7 пайызга түшүрүлдү

Кыргызстанда шайлоо босогосу 7 пайызга түшүрүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Аталган мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар. Конституциялык мыйзам расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, буга чейин шайлоо босогосу тогуз пайызды түзүп келген.

Жол кырсыгынан каза тапкан эки жарандын өздүгү такталды

Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясы Facebook баракчасына атактуу спортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоровдун автокырсыктан каза тапканын жазды. Кырсык  «Манас» аэропортуна кеткен трассада катталган. Милиция эки кишини сүзүп кеткен 39 жаштагы айдоочуну кармаган. Камышановка айылынын 39 жаштагы тургуну Audi C4 машинасы менен түштүк тарапты көздөй келе… Кененирээк…