Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Адыл Лолобаев шайланды. “Турмуш” жазгандай, добуш берүүгө шаардык кеңештин 30 депутаты катышты. Алар бир добуш менен жалгыз талапкерди колдоду.   Буга чейин шаардын мэри Кутугали Козубаев болчу. Ушул жылдын март айында ал ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды алып келүү уланууда

Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды алып келүү уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Сауд Арабиясынан 121 мекендеш жеткирилди. Алар үчүн Даммам-Бишкек чартердик  каттамы уюштурулду.   Келгендердин көбү студенттер. Алардан анализ алынып, зарыл болсо, обсервацияга жаткырылат, — дешти ведомстводон.

Ош шаарынын базарларында күчөтүлгөн дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Ош шаарынын базарларында күчөтүлгөн дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Санитардык тазалоого ошондой эле соода түйүндөрү, тейлөө кызматын көрсөткөн объектилер дагы кошулду.   Дезинфекция иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын адистери тартылды. Андан тышкары, атайын комиссиялар базарларда, объектилерде күн сайын рейддерди жүргүзүүдө.

Доллар кайрадан кымбаттоо багытында

Доллар кайрадан кымбаттоо багытында. Бишкекте анын куну 79 сомго чыкты. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 78 сом 80 тыйынга сатып алып, кайра 79 сомдон сатышууда. Улуттук банк валюта серпилүүсүнө кийлигише элек.   Эске салсак, туруктуу 69 көрсөткүчүндө сакталып келген доллар мартта дароо… Кененирээк…

Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болууда

Кыргызстанда өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандарды дарылоо үчүн негизги медициналык жабдыктар жетишпей жатат. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, бүгүнкү күндө жасалма дем алдыруучу аппараттан 220, ал эми кычкылтек концентратынан 2003ү жетишсиз болуп жаткандыктан чет өлкөлөрдөн жардам суралды:   «Бүгүн Орусиядан күтүп жатабыз.… Кененирээк…

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей убактылуу ооруканага айланат

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей убактылуу ооруканага айланат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, бул жерде 150 орундук пайда болот. Мындан тышкары тиешелүү жабдуулар жана медицина кызматкерлери керектелет. Каратаев белгилегендей, Бишкек боюнча стационарларда вируска чалдыккандар үчүн дагы 750 орун… Кененирээк…

1-июлдан тартып салык жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоор ишке киргизилүүдө

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станцияларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу компоненттер киргизилүүдө. КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана… Кененирээк…

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачуу ниетинде

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачуу ниетинде. Бул чара өлкөдө жетишпей жаткан тез жардам унааларынын жана атайын машиналардын ишин жеңилдетүү үчүн. Учурда бул идеяны ведомстволор аралык комиссия карап жатат. Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын унаалары тартылат. Алар бейтаптарга барган… Кененирээк…

Бүгүнтөн тартып 118 түз байланыш кызматынын жаңы борбору иштейт

Бүгүнтөн тартып 118 түз байланыш кызматынын жаңы борбору иштейт. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында, жаңы борбордун иши бүгүн түшкө маал аяктап, анда 40 киши иштейт. Адистер жарандарга вирус тууралуу маалыматтарды беришет. Эске салсак, 118 кызматынын башкы кеңсеси дезинфекциялоо иштерине байланыштуу… Кененирээк…

Ордо калаада №5-11-14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтоду

Ордо калаада №5-11-14 троллейбустук каттамдар убактылуу токтоду. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Манас проспектисинде авария катталды. Жеңил унаанын айдоочусу троллейбустук түзүмдү сүздү. Учурда аба чубалгылары калыбына келтирилди. Бирок түзүм оңдоло элек. Мындан улам аталган номердеги троллейбустардын түндүк багытындагы каттамы токтотулду.