Кыргызстанда чакан бизнес ээлери бир жылга салыктан бошотулат

Кыргызстанда чакан бизнес ээлери бир жылга салыктан бошотулат. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып, жаңы салык режими киргизилет. Ага ылайык, товар айлантуусунун көлөмү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер салык отчетун бербейт. Биринчи жылда салык ставкасы 0 пайызды түзөт. Мындан тышкары, бирдиктүү салык декларациясы жөнөкөйлөштүрүлөт… Кененирээк…

Өзбекстанда мектептердин көбүндө жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталат

Өзбекстанда мектептердин көбүндө жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталат. Ошол эле маалда бир жума ичинде коронавирустун жаңы учурлары катталбаган райондордогу анча чоң эмес мектептер 7-сентябрда тесттик режимде ачылат. Мындан тышкары ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн онлайн-сабактар өткөрүлөт.

Ош шаарында бардык базарлар эми мурдагы график менен иштешет

Ош шаарында бардык базарлар эми мурдагы график менен иштешет. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, буга чейин базарлар жумасына 2 ирет дезинфекциялоо иштерине байланыштуу жабылып турчу. Эми санитардык иштер дүйшөмбүдө саат түшкү 12ге чейин эле жүргүзүлөт. Муниципалитеттен белгилешкендей, пандемия катталгандан бери калаада гигиеналык тазалоо иштерине 30 тоннадан… Кененирээк…

Жефф Безос тарыхта алгачкы ирет байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду

Жефф Безос тарыхта алгачкы ирет байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам болду. Forbes басылмасы билдиргендей, пандемия учурунда ишкердин баалуу кагаздарынын наркы 55 пайызга жогоруласа, жыл ичинде байлыгы 86 миллиард долларга көбөйдү. Рейтингде экинчи сапты 115,5 миллиард долларлык байлыгы менен Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс… Кененирээк…

Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барчу жол калыбына келтирилет

Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барчу жол калыбына келтирилет. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, он күндүн ичинде Кара-Кечеге барчу убактылуу жол курууга жумушчу топ түзүлдү. Маалыматка караганда, жолго түшкөн ташты тазалоо, электр зымдарын оңдоо, жүк ташууну калыбына келтирүү боюнча иштер аткарылат. Эске салсак, 17-августта Кара-Кече… Кененирээк…

Кыргызстанда пандемия катталгандан бери 50 пайыздан ашык насыянын төлөө мөөнөтү жылдырылды

Кыргызстанда пандемия катталгандан бери 50 пайыздан ашык насыянын төлөө мөөнөтү жылдырылды. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, муну менен төлөө мөөнөтү узартылган насыялардын жалпы суммасы 80 миллиард сомду түздү. Бул багытта иштер дагы улантылат. Белгилеп кетсек, март айында Улуттук банк COVID-19 пандемиясынан улам коммерциялык банктарга… Кененирээк…

Ысык-Көлдө кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогу өтөт

Ысык-Көлдө кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогу өтөт. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, 27-28-августта тайпа ичиндеги оюндар болот. 29-августта жарым финалдын оюндары уюштурулат. Ал эми финал 30-августка белгиленди. Мелдеш Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында өтөт. Белгилеп кетсек, быйыл кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн турнир алгачкы… Кененирээк…

Нарындагы жаңы оорукана сентябрдын аягына чейин курулуп бүтөт

Нарындагы жаңы оорукана сентябрдын аягына чейин курулуп бүтөт. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдиргендей, жаңы медициналык мекеме 70 адамга чакталат. Анын 20 оруну  реанимациялык бөлүм болот. Объекти Нарын шаарындагы оорукананын аймагында салынууда. Имарат тез тургузулуучу конструкция менен тургузулат.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда келишимдин баасын төмөндөтүү маселеси карала элек

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда келишимдин баасын төмөндөтүү маселеси карала элек. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, жогорку окуу жайлардын баарына санариптик технологиялар, дата-борборлор керек. Тескерисинче, учурда андагы чыгымдар көбөйдү. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө ата-эне же студент кыйналып жатса, аларга бир жылга чейин узартып… Кененирээк…

Талас облусунда пландык эмдөө иштери жүргүзүө баштады

Талас облусунда пландык эмдөө иштери жүргүзүө баштады. Бул тууралуу облустун иммунологу Чолпон Сагындыкова билдирди. Анын айтымында, облус боюнча эмдөө кампаниясы калктын 90 пайызына жүргүзүлөт. Имуннопрофилактикалык иштер сентябрь айында старт алат. Ал эки ай бою жүргүзүлөт. Учурда облус боюнча мобилдик топтор иштеп жатат. Алар үймө-үй кыдырып… Кененирээк…