Өзбекстанда мектептердин көбүндө жаңы окуу жылы 14-сентябрда башталат.
Ошол эле маалда бир жума ичинде коронавирустун жаңы учурлары катталбаган
райондордогу анча чоң эмес мектептер 7-сентябрда тесттик режимде ачылат.
Мындан тышкары ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн онлайн-сабактар өткөрүлөт.