Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды

Нарын облусунда бардык күндүзгү стационарлар жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Семетей Черикбаев билдирди. Ал белгилегендей, медициналык мекемелер убактылуу ишин токтотту. Эгерде вирустун экинчи толкуну баштаса стационарлар бейтаптарды кабыл алууга даяр. Белгилеп кетсек, Нарын облусунда 152 объектиде жардам көрсөтүүчү медициналык мекемелер иш алып… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусундагы 3 миң муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт

Бишкек жана Чүй облусундагы 3 миң муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Жүк ведомствонун кампасына келип түштү. Жакынкы арада азык-түлүк топтомдору өз даректерине жеткирилет. Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу… Кененирээк…

Алай районунда бир катар социалдык объектилер пайда болду

Алай районунда бир катар социалдык объектилер пайда болду. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, 2 бала бакча, балдар ойноочу 1 аянтча, 1 спорттук комплекстин курулушу аяктады. Объектилер пайдаланууга берилди. Долбоорлорго жалпысынан 33 миллион 774 миң сом бөлүнүп берилген. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ординатуранын окуу мөөнөтүн бир жылга кыскартуу ниетинде

Саламаттыкты сактоо министрлиги ординатуранын окуу мөөнөтүн бир жылга кыскартуу ниетинде. Ведомствонун маалыматына ылайык, мөөнөттүн кыскарышы 10 адистикке тиешелүү болот. Буга карабай кардио жана нейрохирургия адистиги боюнча билим алган ординаторлорго кыскартуу каралбайт. Алар мурдагыдай эле 3 жыл окушат. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте айтылгандай,… Кененирээк…

Бишкекте коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда

Бишкекте коронавирустун жайылышына байланыштуу кооптуу абал сакталууда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, санитардык эрежелерди жана социалдык аралыкты сактоо азыр деле маанилүү. Жарандар коомдук жайларда гигиеналык талаптарды так сакташы керек. Белгилеп кетсек, ордо калаада 20-августтан тартып бир катар чектөөлөр алынды. Бирок бул вирустун… Кененирээк…

Кыргызстанда намаздарды мечиттен окууга уруксат берилди

Кыргызстанда намаздарды мечиттен окууга уруксат берилди. Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, беш убак жана жума намазына келчү жарандардын беткап тагынуусу керек. Ошондой эле санитардык талаптардын аткарылышы зарыл. Мындан тышкары даарат алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу шарт. Мечитке келгендер көп убакыт кармалбай, 20 мүнөттүн аралыгында чыгып… Кененирээк…

Улуттук банктын алтын-валюта резерви тарыхый чекке жетти

Улуттук банктын алтын-валюта резерви тарыхый чекке жетти. Бул тууралуу башкы каржы мекемесинин төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, учурда алтын-валюта резерви 3 миллиард 82 миллион долларды түзөт. Бул көрсөткүч мамлекеттин импортунун алты айга чейинки төлөмүн камсыздоого жетет. Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор… Кененирээк…

Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү

Өзбекстан бийлиги Кыргызстанга эки өлкө ортосунда авиа каттамдарды жандантуу сунушун жөнөттү. Бирок биздин өкмөт азырынча бул суроону кароого даяр эмес. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдиргендей, Кыргызстанда дагы, Өзбекстанда дагы коронавирус менен абал дагы эле кооптуу.   Бирок ага карабай, биздин өлкө Россия, Казакстан… Кененирээк…

Новосибирск облусунда эркектердин түзөтүү абагына баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган мышык кармалды

Новосибирск облусунда эркектердин түзөтүү абагына баңгизатын алып кирүүгө аракет кылган мышык кармалды. Маалыматка ылайык, мышыктын жонунда 3 шприц, үч ийне, сим-карта жана белгисиз зат салынган таңгак илшинген.   Шприцтин ичинде кара түстөгү зат болгон, ал баңгизат болушу мүмкүн деп божомолдошот кызматкерлер. Тыюу салынган заттар мышыктан… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 275 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 275 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 115, Ошто 35, Чүйдө 17, Таласта 15, Нарында 8, Ысык-Көлдө 24, Жалал-Абадда 28, Баткенде 33 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан, Кыргызстанда 37 миң 492 адам коронавирусту жеңди.