Кыргызстанда жогорку окуу жайларда келишимдин баасын төмөндөтүү маселеси карала элек.
Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, жогорку окуу
жайлардын баарына санариптик технологиялар, дата-борборлор керек. Тескерисинче,
учурда андагы чыгымдар көбөйдү. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө ата-эне же студент кыйналып жатса,
аларга бир жылга чейин узартып төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ЖОЖдорго кат жөнөтүлгөн.
Министр белгилегендей, учурда өлкөнүн жогорку окуу жайларда контракттын орточо баасы 1 жылга 350 долларды түзөт.