Баткен облусунда жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын оңдоп-түзөө иштери аяктады.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирет. Анын айтымында,
жаңы имаратта бардык шарттар түзүлдү, жакынкы аралыкта эмеректер менен камсыздалат.
Медициналык мекеме 90 орундуу. Оңдоп-түзөө иштерине мамлекеттик бюджеттен 12 миллион сом бөлүнгөн.
Эске салсак, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын
жугуштуу оорулар ооруканасына айлантуу максатында жумуштар июль айында башталган.