Ташкент шаарындагы метролор 3 күн бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт.
«Ташкент метрополитен» басылмасы билдиргендей, жарандар кечээ,
бүгүн жана эртең бекер катташат. Бул 1-сентябрда белгиленүүчү Өзбекстандын
Көз карандысыздык күнүнө карата шаардыктар үчүн майрамдык белек болот.
Эске салсак, калаада метро 30-августта ишке киргизилген.
Азырынча 1-этап менен эки бекет ортосунда каттап жатат.