Алматыда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды

Алматыда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды. Эми театр, китепкана, музей, диний объектилер, бассейн жана спорттук комплекстердин ишине уруксат берилет. Мындан тышкары окуучуларынын саны 180ден ашпаган мектептер ачылат, аларга бир класста 15тен көп эмес бала отурушу керек. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелери иштеп баштайт.… Кененирээк…

Ордо калаа  конушунда таза суу өчүрүлөт

Ордо калаа  конушунда таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 10дон кечки 7ге»Арча-Бешик» конушунда таза суу жок болот. Андыктан аймактын тургундарына бир күнгө жете тургандай суунун запасын камдап коюу сунушталат. Убактылуу чектөө күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүү иштерине байланыштуу.

Ала-Тоо аянтында быйыл жылдагыдан аз таштанды чыгарылды

Ала-Тоо аянтында быйыл жылдагыдан аз таштанды чыгарылды. “Тазалык” ишканасынан novosti.kgге билдиришкендей, аянтты жыйнап-тазалоо иштери аягына чыкты. Жумуштарга 20дан ашык кызматкер жана 3 оор техника тартылды. Эске салсак, былтыр концерттик программа аяктагандан кийин 16 тонна таштанды чыгарылган. Быйыл пандемиядан улам концерттик иш-чарага көрүүчүлөр киргизилбейт деп эскертүү… Кененирээк…

Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат

Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Учурда балдар каттаган мектептерде Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барышууда. Алар унаа көп жердеги жол чийиндерден окуучулардын өтүшүн жана коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат. Ошондой эле айдоочуларга унаасын мектеп айланасында акырын айдоо керектиги түшүндүрүлүп, жол… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар күндөн-күнгө азаюуда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар күндөн-күнгө азаюуда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, акыркы суткада өлкөдө КОВИД-19 жана пневмонияга кабылган 60 адам аныкталды. Ушуну менен жалпысынан вирус аныкталган жарандардын саны 43 миң 958ди түздү. Алардын 38 миң 649у сакайып чыкты. Айыккан жарандардын 190у акыркы суткага… Кененирээк…

Россияда чет өлкөлүк студенттерге кадимки режимде окуусун улантуу үчүн уруксат берилиши мүмкүн

Россияда чет өлкөлүк студенттерге кадимки режимде окуусун улантуу үчүн уруксат берилиши мүмкүн. Учурда бул маселе каралып жатат, — деп билдирди Мамдуманын билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Максим Зайцев. Анын айтымында, расмий сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушул жумада белгилүү болуп калат. Эске салсак, Россия март айында чет… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 464 миллион куб метрге көбөйдү

Акыркы бир айга жетпеген убакытта Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 464 миллион куб метрге көбөйдү. “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга карата башкы резервуардагы суунун көлөмү 14 миллиард 864 миллион куб метрди түздү. Эске салсак, премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл Токтогул суу сактагычында суунун… Кененирээк…

Египет бийлиги бүгүнтөн тартып туристтерге пирамида жана музейлерди ачууну пландап жатат

Египет бийлиги бүгүнтөн тартып туристтерге пирамида жана музейлерди ачууну пландап жатат. Алдын ала айтылгандай, чет өлкөлүк коноктор археологиялык эстеликтерге, анын катарында Гиза пирамидасына, ЛуксОр жана АсуАне чиркөө комплекстерине барышса болот. Буга катар 1-сентябрдан тартып египеттиктерге жана чет өлкөлүктөргө провинция, шаар аралыгында каттоого уруксаат берилет. Ал… Кененирээк…

Алыскы Жаз-Кечүү айылына алгачкы ирет электр энергиясы тартылды

Алыскы Жаз-Кечүү айылына алгачкы ирет электр энергиясы тартылды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпысынан 18 чакырым аба чубалгысы тартылды, 654 мамыча орнотулду жана 3 трансформатор коюлду. Жумуштарды «Жалалабатэлектро» ишканасынын кызматкерлери жүргүздү. Бул үчүн мекемеден 25 миллион сом бөлүнүп берилген. Иштер быйыл жаз айларында старт алган. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бүгүн Биринчи коңгуроо салтанаты уюштурулбай эле сабактар башталды. Биринчи чейректе 1-класстын окуучулары менчик түрүнө карабастан мектепте окуйт. Кошумчаласак, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар онлайн режимде билим алат. Муну менен катар балдарга бирдиктүү форма боюнча талаптар… Кененирээк…