ID-картага улут боюнча графаны кайтаруу суроосу каралып жатат

ID-картага улут боюнча графаны кайтаруу суроосу каралып жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр 2017-жылдагы паспортторго киргизилип, бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт.

 

Болжол менен, “улуту” графасын киргизүүгө 90 күн талап кылынат. Бирок, жаңычылдык жарандын каалоосу менен гана паспортто көрсөтүлөт.