Бишкектин Лев Толстой көчөсүн ондоо жана эстакадалык көпүрөнү куруу аягына чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштардын негизги бөлүгү жыйынтыкталды.
Учурда куруучулар соңку иштерди жасоодо – жол чийинин түшүрүү, белгилерди орнотуу, ирригациялык тармакты өткөрүү. Белгилеп кетсек, эстакадалык көпүрө шаардын чыгыш жана батыш тарабын бириктирет.