«Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган

«Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабыркаган

укук коргоо органдарынын ичинен 198и ооруканада. Калганы медициналык жардамды

амбулатордук шартта алып жатат. Эске салсак, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында

парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн.

Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып,

жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышкан.