Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев атындагы борбордук көчөсүн кеңейтүү иштери ноябрда жыйынтыкталат

Жалал-Абад шаарынын Жусупбек Бакиев атындагы борбордук көчөсүн кеңейтүү иштери ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Болот Узакбаев билдирди.

 

Анын айтымында, иштерге жергиликтүү бюджеттен 35 миллион сом бөлүнгөн. Курулуштун алкагында ирригациялык тармакты өткөрүү, тротуарларды салуу жана көчө жарыгын орнотуу каралган.