Кыргызстанда дагы 324 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 324 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 25, Ошто 150, Чүйдө 25, Нарында 5, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 61, Баткенде 48 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту 47 миң 50 адам жеңди.