Кыргызстандын күйүүчү май тармагында абал туруктуу

Кыргызстандын күйүүчү май тармагында абал туруктуу. Бул тууралуу novosti.kgге мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, октябрда бензиндин баасы кымбаттабайт.

 

Ал эми кийинки ай тууралуу айта турган болсок, баалар ноябрдын башында белгилүү болот. Анда Россиядагы заводдор тарифтерин жарыялайт. Кошумчаласак, учурда бензиндин 92-улгүсүнүн бир литринин баасы орточо эсеп менен 33 сом 40 тыйынды, ал эми дизелдик отундуку 33 сом 50 тыйынды түзөт.