Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук кол тамгасын акысыз ала алат

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук кол тамгасын акысыз ала алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, электрондук кол тамга мамлекеттик кызматкерлерге жарандарга “Түндүк” системасы аркылуу кызмат көрсөтүү  үчүн талап кылынат. Электрондук кол тамганы алуу жана каттоо үчүн Бишкектин калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу керек. Сурап-билүү телефону 119.