Тоолуу трассаларда жүрүүдө этият болууга куткаруучулар чакырат

Тоолуу трассаларда жүрүүдө этият болууга куткаруучулар чакырат. Бишкек – Ош жолунда карга айланган жаан жаашы күтүлөт. Андыктан Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуулары менен өтө тургандар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, сөзсүз унаалар ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоосу керек.

 

Чынжырча, күрөкчө жана аптечка жанында болушу оң. Чукул кырдаалдарда “112” акысыз чалуу номуру иштеп жатат.