Ош шаарында жыл аягына чейин 3 бала бакча пайдаланууга берилет

Ош шаарында жыл аягына чейин 3 бала бакча пайдаланууга берилет. Объектилер Ак-Тилек жана Южный кичи райондорундагы, ошондой эле Жапалак айыл аймагында жайгашат. Ар бири 100 орундан кем эмес. Мектепке чейинки даярдоо мекемелерин куруу иштерине жалпысынан 60 миллион сомдон ашык каражат жумшалууда. Сумма жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Ош шаарында Нариман мектеп-гимназиясы жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет

Ош шаарында Нариман мектеп-гимназиясы жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Кеп, билим берүү мекемесине курулуп жаткан кошумча корпус тууралуу болуп жатат. novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объекти Манас-Ата кичирайонунда жайгашат. Имарат 500 орунга ылайык. Ага каражат коррупциядан түшкөн бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүп берилди. Жалпы суммасы 50 миллион… Кененирээк…

Ысык-Көл кышкы туристтик сезонго даяр

Ысык-Көл кышкы туристтик сезонго даяр. Бул тууралуу novosti.kgге  өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, чет элдик жана жергиликтүү туристтерди кабыл ала турган конок үйлөрүнө санитардык талаптарды сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Алсак, ар объектиге кирүүдө жарандардын дене табы текшерилип, колу дезинфекцияланышы керек. Ошондой… Кененирээк…

Нарын облусунун Ат-Башы районунда муктаж 500 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда муктаж 500 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу Турмуш агенттиги жазып чыкты. Маалытка караганда, ар бир түтүнгө 7 каптан кара отун берилди.   Жалпысынан, кайрымдуулук акциясын жасаган берешен адам 160 тонна көмүр сатып алып, тургундарга таратты.

Казакстан чек арасынан өтүү эрежелери өзгөрдү

Казакстан чек арасынан өтүү эрежелери өзгөрдү. Андан 3 айда бир гана жолу өтүү мүмкүн болот. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн чек ара кызматынан билдиришти.   Белгилүү болгондой, мындай чектөөлөр Казакстанда жашоого уруксааты бар чет элдиктерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Казакстан жарандарынын жакын тууганы болгон чет элдик жарандарга… Кененирээк…

Мектептерди ачуу суроосу каралууда

Мектептерди ачуу суроосу каралууда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, маселени ар бир мектептин жетекчиси өз шартына ылайык карап жатат. Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланууда.   Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин… Кененирээк…

ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы «пара алуу» беренеси менен кармалды

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.   Маалыматка ылайык, министрликтин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөгө талапкерлердин маселесин оң жакка чечип, медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактысы аныкталган.   «27-октябрда ИИМдин ички иликтөө кызматы… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан дагы 547 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 547 адам айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 125, Ошто 139, Чүйдө 65, Таласта 12, Нарында 6, Ысык-Көлдө 38, Жалал-Абадда 96, Баткенде 66 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө вирусту женгендердин жалпы саны 51 миң 288ге жетти.

Доллардын куну 84 сомго чукулдады

Доллардын куну 84 сомго чукулдады. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 83 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 80 тыйындан сатышууда.   Бир нече саатта эле доллар 50 тыйынга, ал эми бир суткада 2 сомго кымбаттады. Эске салсак, америкалык валютанын… Кененирээк…

8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө

8-9-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Ага ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда аба ырайы бузулбайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.   9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк… Кененирээк…