8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө

8-9-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ага ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда аба ырайы бузулбайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

 

9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

 

 

9-ноябрда күндүз дээрлик бардык облустарга жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. Кыргызгидромет абанын температурасы төмөндөй турганын эскертти.