Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министрликтин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөгө талапкерлердин маселесин оң жакка чечип, медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактысы аныкталган.
«27-октябрда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында аталган министрликтин медициналык башкармалыгынын башчысы, аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Ж.Ж.К. кармалды.
УКМКнын тергөө кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү жана башка), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар 325-беренеси (пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди», — дешти мекемеден.