Казакстан чек арасынан өтүү эрежелери өзгөрдү. Андан 3 айда бир гана жолу өтүү мүмкүн болот. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн чек ара кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мындай чектөөлөр Казакстанда жашоого уруксааты бар чет элдиктерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Казакстан жарандарынын жакын тууганы болгон чет элдик жарандарга тиешелүү.
Мындай чара эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканына байланыштуу кабыл алынды.