Доллардын куну 84 сомго чукулдады

Доллардын куну 84 сомго чукулдады. Учурга карата ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 83 сом 40 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 80 тыйындан сатышууда.

 

Бир нече саатта эле доллар 50 тыйынга, ал эми бир суткада 2 сомго кымбаттады. Эске салсак, америкалык валютанын куну өткөн жумада серпиле баштаган. Улуттук банк рекорддук 42 миллион доллар сатууга аргасыз болду. Бирок каржылык операция жыйынтыгын берген жок.