Ош шаарында жыл аягына чейин 3 бала бакча пайдаланууга берилет

Ош шаарында жыл аягына чейин 3 бала бакча пайдаланууга берилет.

Объектилер Ак-Тилек жана Южный кичи райондорундагы, ошондой эле

Жапалак айыл аймагында жайгашат. Ар бири 100 орундан кем эмес.

Мектепке чейинки даярдоо мекемелерин куруу иштерине жалпысынан

60 миллион сомдон ашык каражат жумшалууда.

Сумма жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.