Бишкектин көчөлөрүнө 400 тоннадан ашык техникалык туз себилди

Бишкектин көчөлөрүнө 400 тоннадан ашык техникалык туз себилди. Мэриядан билдиришкендей, “Тазалыктын” 662 кызматкери түндөн бери шаар көчөлөрүн кардан арылтууда.

 

38 атайын техника тартылды. Кар, муз тазалоо жана инерттүү материал себүү боюнча арыздар 1840 жана 1850 кыска номурлары боюнча кабыл алынууда.